+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

«Жер титирөөлөрдүү божомолдоолордун геохимиялык жана гиддродинамикалык методдору» Лабораториясы

Башчысы:: геология-минералогия илимдеринин доктору, Кендирбаева Джумагуль Жумаевна

«Жер титирөөлөрдү божомолдоолордун геохимиялык жана гидродинамикалык методдору» лабораториясы 1976-жылдан тартып иштейт жана «Жер титирөөлөрдүн алдындагы сейсмогеохимиялык жана геофизикалык белгилерди издөө методдору» лабораториясынын базасында түзүлгөн. Лабораторияда 16 адам эмгектенет, алардын ичинен 11 адам байкоочу пункттарда – ГГХС жана ГГДСларда иш алып барышат.

Жумуш учурлары

    

    

Лабораториянын илимий ишмердиги ишенимдүү белгилери бар болгон жер титирөөлөрдүн геохимиялык жана гидродинамикалык алдын ала белгилерин издөөгө багытталган. Алдыга коюлган максаттарга жетишүү үчүн жамаат байкоо түйүнүнүн убакыттык катарларын системалаштыруу, иштеп чыгуу жана талдоо менен, ошондой эле изилдөөлөр методикасын өркүндөтүү менен алектенишет.

Кыргызстанда бул лабораториянын пайда болушу жана өнүгүшү бул багыттын СССРдеги жана КР УИАнын Сейсмология институтундагы калыптануусун чагылдырып турат. Ага негиз болуп Кырг. ССРинин алдындагы Кыргыз курортологиянын жана физиотерапиянын илимий-изилдөө институтунун жана КР Геология башкармалыгынын Комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясынын «Ортоазгеоминсууларын» байкоолору боюнча кошо алынган маалыматтары кызмат өтөгөн, алар 1976-жылдан тартып «Ысык-Ата», «Аламүдүн», «Жети-Өгүз», «Долинка» ж.б.у.с. ТМВларынын стационардык пункттарынан күн сайын алынуучу маалыматтар менен толукталып турат. Дал ушул маалыматтар өзүнө пробаларды тандоону жана приборлорду ыңгайлаштырууну, химиялык талдоо жүргүзүүнүн экспресс-методдорун жана динамикалык параметрлерди каттоону автоматташтырууну камтыган сейсмогидрогеологиялык мониторингди жайылтууда чечүүчү ролду ойношкон. Алардын маалыматтары боюнча Сарыкамыш (1970), Жыланыш-Түп (1978), Кажысай-1 же Барскоон (1980) жер титирөөлөрүнүн аныкталган областтары салыштырып көрүү K ≥ 12 жер титирөөлөрүнүн даярдалуу процесстерин бөлүп чыгуунун мүмкүндүгү тууралуу күбөлөндүрүп турат.

Азыркы учурда сейсмогидрогеологиялык мониторинг түйүнү 7 объектиден турат, алардын жетөөсү тең Түндүк Тянь-Шанда жайгашкан жана бирөөсү - «Сопу-Коргон» - Кыргызстандын түштүк-батышында, Ош областында жайгашкан. Бул объекттер, эң башкысы, ТМВларда базаланышкан, болгону, төртүнчүлүк катмарлануунун алдынан чыгып турган булактын суусунун температурасы жана чыгашаланышы өлчөнө турган «Сопу-Коргон» базага кирбейт.

Ушуну менен катар, «Казакстан Республикасынын ББжИМинин «Сейсмологиялык тажрыйба-методикалык экспедициясы» Мамлекеттик мекемеси («КР ББИМ СТМЭ» ММ) менен КР УИАнын Сейсмология институтунун ортосундагы илимий кызматташуу жөнүндө келишим боюнча Алматы полигонунун (АПП) беш станциясынан – тынымсыз байкоолор жүргүзүлүп турган, а.и. атмосфералык басымды жана абанын температурасын өлчөөлөп жасалуучу Алма-Арасан, Төмөнкү-Каменка, Тау-Турген, Курам жана Меркелерден орточо суткалык маанилер келип түшүп турат.

Азыркы күнгө карата лабораториянын башкы жетишкендиктеринин бири болуп алар боюнча 40 жылдан ашуун убакыттык катарлардын топтолушу эсептелет. Алар, чындыгында, К ≥ 13.0 жер титирөөлөрүнө кескин бухта- жана чоку түрдүү секириктер сыяктуу эле, «түшүп кетүү» менен дагы даярдалуу мезгилдерин коштоо менен, ошондой эле байкалаарлык көрүнүштөрдүн жок болушу менен дагы, мезгил өткөндөн кийин алардын калыптануу механизмдеринин жана өзгөрүлүү динамикасынын ачылышына гана эмес, заманбап геодинамикалык процесстерди изилдөөдөгү гидрогеологиялык параметрлердин чечүүчү ролун дагы аныктап табууга алып келет. Бүгүнкү күнү биз тараптан жер алдындагы суулардын газдуу-химиялык курамынын жана динамикалык параметрлеринин мезгил боюнча бир маанидеги эмес жүрүшүн интерпретациялоону деталдаштыруу үчүн мурун жабылып калган объекттер калыбына келтирилип, жаңылары ачылып жатат, ал эми алардын «МЕЗОЗАВР-БОЖОМОЛДОО», версия-1.2 программасы боюнча чыпкаланып алынган убакыттык катарлары Жердин түпкүрүнөн келип жаткан сигналдарды бардык «тоскоолдуктарды» эсепке алуунун фонунда бөлүп алууга мүмкүндүк бермекчи.