+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

КАМБАРАТА-2

Бул сүрөттө «Камбарата-2» курулуп жаткан ГЭСинин плотинасынын кырдалган топурагын түзүү үчүн жүргүзүлгөн жарылуу чекитинин (22.12.2009-ж.) жайгашуу позициялары, ар түрдүү Эл аралык Маалыматтар Борборлорунун маалымат боюнча көрсөтүлгөн: Kambarata explosion –Жарылуунун так орду GPS боюнча.

KNDC - Казакстан Республикасынын Улуттук Ядролук Борборунун Геофизикалык изилдөөлөр институтунун Казакстан Улуттук маалымат Борбору.

EMSC – Европалык Жер ортолук деңиз Сейсмологиялык Борбору (ЕС).

MOS – Россия Илимдер Академиясынын Геофизикалык кызматы (Обнинск, Россия).

NEIC – АКШнын Геологиялык Кызматы.

IDC - Ядролук сыноолорго Бардыгын камтый турган тыюу салуу жөнүндө Келишимди Уюштуруунун Эл аралык Маалыматтар Борбору (Вена, Австрия).

NDC-KG –КР УИАнын Сейсмология институтунун Маалыматтар борбору (Кыргызстан).

BJI – Кытай Сейсмологиялык Кызматы.

Ушул сүрөт жарылуу ордунун координаттары эң анык түрдө КР УИАнын Сейсмология институту (КР УИА СИ) тарабынан алынгандыгын абдан жакшы көрсөтүп турат, анткени КР УИА СИ өзүнүн ички түйүнүнүн, башкача айтканда жакынкы станциялардын жазууларын колдонот. Ошентип, Кыргызстандын аймагында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн эң туура параметрлери болуп КР УИАнын Сейсмология институтунун маалыматтары эсептелет.

kamb