+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨРДҮН БОЖОМОЛДООСУ

 Азыркы учурдагы жер титирөөлөрдү божомолдоо Жер жөнүндө илимдердин бардыгынын ичинен эң актуалдуу жана татаал милдет болуп саналат, анткени сейсмокатастрофалар эбегейсиз чоң экономикалык зыяндарды келтирип, адамдардын өлүмүнө алып келүүдө. Он миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген, 2004-жылдын декабрь айынын акырындагы Суматра аралынын жанындагы, 2010-жылдын декабрь айынын башындагы Гаити аралындагы жана Жапониянын Хонсю аралындагы 2011-жылдын 11-мартындагы сейсмокатастрофаларды эле эстөө жетиштүү.

   Сейсмокатастрофалардын божомолдонушу өзүнө ири жер титирөөлөрдүн пайда болуу мүмкүндүгүн, алардын масштабдарын жана конкреттүү аймак үчүн алардын таасир көрсөтүү зонасындагы мүмкүн болуучу натыйжаларын аныктоо боюнча иш-чаралардын системасын камтыйт.

Жогоруда айтылгандан улам, жер титирөөнү божомолдоо үч негизги милдетти чечүүнү камтый тургандыгы келип чыгат:

  1. Жер титирөө күтүлүп жатышы мүмкүн болгон жерди же районду алдын ала айтуу.
  2. Күтүлүп жаткан окуянын мүмкүн болгон магнитудасын (же күчүн) божомолдоо.
  3. Күтүлүп жаткан сейсмокатастрофанын мүмкүн болгон убактысын аныктоо.

Мында өтө татаал жана маанилүү милдет болуп күтүлүп жаткан сейсмокатастрофанын так убактысын алдын ала айтуу эсептелет жана ушул кезге чейин бул милдетти чечүүнүн жалпы кабыл алынган методдору жок, анткени ири жер титирөөлөр очоктору өтө чоң тереңдиктерде (5-35 км) жайгашат жана алар тоо кендеринин талкаланышынын кадимки ыкмалары менен моделдештирүү мүмкүн болбогон өтө ири көлөмдөрдү (100дөн 106 км ге чейин) ээлеп турушат.

Күчтүү жер титирөөнүн күтүлгөн убактысын алдын ала айтуу боюнча божомолдоолор төмөнкүдөй категорияларга бөлүнүшөт:

  • узак мөөнөттүү алдын ала айтуу убактысы 5-10 жыл менен;
  • орто мөөнөттүү – 1 ден 5 жылга чейин;
  • кыска мөөнөттүү – 1 айдан 12 айга чейин;
  • ыкчам – 1 күндөн 30 күнгө чейин;
  • өтө жогорку ыкчам– 1 сааттан 24 саатка чейин.

Ушул аймак үчүн жогоруда айтылган божомолдоолордун бардык түрлөрү сейсмикалык режимдин убактысындагы, электромагниттик талаанын сандык маалыматтарынын өзгөрүүсүн, жер алдындагы суулардын химиялык курамынын жана дебитинин өзгөрүүлөрүн, ошондой эле топурак алдындагы газдардын жана жаныбарлардын жүрүм-турумунун өзгөрүүсүн талдоого алуунун негизинде аткарылат. Бул изилдөөлөрдө жалпы саны 300дөн ашкан аталыштагы аномалиялар жана жер титирөөлөрдүн жарчылары аныкталат. Мындай талдоого алуу үчүн КР УИАнын Сейсмология институтунда Маалыматтар Борбору тарабынан 1900-2013-жж. ичиндеги 70 миңден ашуун жер титирөөлөрдүн параметрлерин камтыган маалыматтар банкы түзүлгөн. Азыркы учурда КР УИАнын Сейсмология институтунда өз алдынча алынган айрым тектоникалык зоналар үчүн сейсмикалык режимдин квазимезгилдүүлүк өзгөрүүлөрүнүн жана күчтүү жер титирөөлөрдүн болушунун негизинде узак жана орто мөөнөттүү божомолдоолор аткарылууда, ал эми күтүлүп жаткан окуялар орундары сейсмикалык “жыртыктар” (алар мурун болуп өткөн жерлер) сеймогендүү айрылыштардын калыңдыгы параметрлери боюнча бөлүштүрүлөт. Көп жылдык маалыматтардын тажрыйбасы, Кыргызстандын аймагынын заманбап сейсмикалык станциялар менен азыркы колдо болгон аппараттык жабдылышы учурунда, күтүлүп жаткан сейсмокатастрофалардын мүмкүн болуучу ордун алдын ала мөөнөтү 1-3 жыл мурун 0.60 мүмкүндүгү менен айтууга боло тургандыгын көрсөтүп турат. КР УИАнын Сейсмология институтунун практикалык сунуштоолору бар божомолдоочу изилдөөлөрүнүн жылдык жыйынтыктары КР ӨКМдин Мониторинг департаментине берилип турат.