Жер титирөөнүн жер бетиндеги билинүү даражасы; баллда аныкталат. Көпчүлүк өлкөлөрдө эл аралык 12 баллдык шкала кабыл алынган, Жапонияда – 7 баллдык. Адатта, жер титирөөнүн күчү эпиборборунан алыстоосуна жараша азайып олтурат. Жер титирөөнүн күчү ошондой эле тоо тектеринин сапаттарынан, жер алдындагы суулардын бар болушунан ж.б.у.с. көз каранды болот.