+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

Институттун (КР УИА СИ) түзүлүшүнүн жана орун алышынын кыскача тарыхы

1952-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын курамында Геофизика сектору түзүлөт, кеийинчерээк ал Сейсмология бөлүмү деп аталып, аны ф.-м.и.д., академик Е.А.Розова (1899-1971-жж.) башкарат. 1963-жылдан тартып Отдел Кырг.ССРинин Геология институтунун курамына кирет. Анын базасында Кыргызстандын аймагынын сейсмикалуулугуна пландаштырылган изилдөөлөр жүргүзүлөт, суу сактагычтарды жана ГЭСтерди куруу райондоруна байкоолор уюштурулат, ошондой эле геолог-тектонисттер менен бирдикте республиканын сейсмикалык райондоштурулушунун жана шаар, кыштактардын микрорайондоштурулушунун биринчи карталары түзүлөт.

1970-жылы 9 балл келген Карыкамыш жер титирөөсүнөн кийин республикада Сейсмология институтун түзүү маселеси көтөрүлөт. 1975-жылы Сейсмология бөлүмүнүн жана 2 лабораториянын (неотектоника жана сейсмотектоника) базасында КССРдин ИАнын курамында Сейсмология институту (СИ) түзүлөт; анын директору болуп КССРинин ИА мүчө-корреспонденти К,Е,Калмурзаев шайланат. 1983-жылдан тартып СИни В.И.Кнауф башкарат, 1985-ж. – Ф.Н.Юдахин, 1994-ж. – А.Т.Турдукулов, 2005-ж. – К.Е.Абдрахматов. 1979-жылы СИнин алдында, СИнин эксперименталдык базасы статусуна ээ болгон Тажрыйбалуу-методикалык сейсмологиялык экспедиция уюштурулат.

СИ өлкөнүн Улуттук сеймологиялык кызматынын ролун аткарат, «Калкты жана аймакты жаратылыш жана техногендик катастрофалардын өзгөчө кырдаалдарынан коргоо жөнүндө» мыйзамды аткарат, сейсмотуруктуу курулуш боюнча ченемдик документтерди иштеп чыгууга катышат. 2007-жылы «Сейсмикалык коргонуу жөнүндө» мыйзам даярдалып, демилгеленип алынып чыккан.

СИ сейсмикалык байкоолордун (жер титирөөлөрдүн жана ядролук жарылуулардын мониторинги) бирдиктүү дүйнөлүк түйүнүнө кирет, Борбордук Азиядагы жер титирөөлөр боюнча материалдарды топтоо жана иштеп чыгуу, региондун сейсмикалык коркунучунун карталарын түзүү боюнча координациялык борбор статусуна ээ, Эл аралык изилдөө борбору – Бишкек божомолдоо полигонунун (IRC-GPG) кошо уюштуруучусу болуп эсептелет.

Институт тарабынан илимдин 9 доктору (алардын 5и КР УИАнын мүчө-корр. шайланган) жана 31 кандидаты даярдалган, 70ден ашуун илимий иштеп чыгуулар колдонууга киргизилген, 16 автордук күбөлүк (патент) алынган, 55 монография жана 800дөн ашуун илимий макалалар, ошондой эле «Жер титирегенге чейин, жер титирөө маалында жана андан кийин эмне кылуу керек» Колдонмо китепчеси өлкөнүн калкы жана мектеп окуучулары үчүн кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгарылган. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары эл аралые сипозиумдарда, конгресстерде, жыйындарда доклад түрүндө билдирилет. Жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердеги кесиптештер менен илимий-чыгармачылык контакттар үзүлбөй уланып келет.

Илимий ишмердиктин негизги багыттары:

  • сейсмикалык коркунучка баа берүү жана сейсмикалык райондоштуруунун кондициялык ар түрдүү масштабдагы карталарын түзүү;
  • Тянь-Шандын сейсмикалык режимин изилдөө жана аймактын геодинамикалык өзгөчөлүктөрү менен анын байланышы;
  • сейсмикалык жагдайды божомолдоо жана күтүлүүчү жер титирөөлөр райондорунун карталарын түзүү;
  • жер титирөөлөрдүн жер кыртыштарына жана имараттарга таасир көрсөтүү параметрлерине сандык баа берүүлөр, курулуш жүрүп жаткан аянттардагы сейсмикалык тобокелдик деңгээлине баа берүү;
  • сейсмокатастрофалардан тартыла турган зыяндарды төмөндөтүү жана курулуштардын сейсмотуруктуулугун жогорулатуу боюнча практикалык сунуштарды иштеп чыгуу.

КР УИАНЫН СЕЙСМОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНУН СТРУКТУРАСЫ

Сейсмология институтунун структурасында 6 илимий-изилдөө лабораториялары, Сейсмикалык мониторинг борбору (24 сейсмикалык, 5 гидрогеохимиялык, 2 геодинамикалык жана 5 геомагниттик станцияларды бириктирип турат), Маалыматтар Борбору жана Калкты жаратылыштын талкалоочу кубулуштарына карата даярдоо боюнча борбор бар. СИде мамлекеттик бюджеттик тематика боюнча жана эл аралык (НАТО, МНТЦ, INTAS, CRDF) жана республикалык фонддор тарабынан каржылануучу долбоорлор боюнча изилдөөлөр жүргүзүлөт.