«Аймактык сейсмология» Лабораториясы
Башчысы: Омуралиева Айымжан Медербековна, геология-минералогиялык илимдердин кандидаты, геофизика илимдеринин PhD
Геофизика секторунун, кийинчерээк Кыргыз ССРинин ИАсынын Сейсмология бөлүмүнүн 1652-1971-жылдардагы жетекчиси Е.А Розова болгон. Аймактык сейсмология лабораториясы 1971-ж. Геология институтунун алдында уюштурулган, 1975-ж. ал Сейсмология институтуна которулган. 1971-жылдан тартып 2006-жылга чейин лабораторияны техника илимдеринин кандидаты К.Дж. Джанкузаков жетектеген, 2007-2013-жж. – физ.-мат. Илимдеринин кандидаты А.Г. Фролова, 2013-ж. тартып г.-м. илимдердин кандидаты, А.М. Омуралиева лаборатория башчысы болуп саналат.
 |
 |
 |
 |
Е.А. Розова, Кырг.ССР ИАсынын академиги, ф.-м.и.д. |
К. Джанузаков т.и.к. |
А.Г. Фролова ф.- м.и.к. |
А. Омуралиева г.- м.и.к. |
Изилдөөлөрдүн негизги багыттары – аймактык сейсмикалуулукту жана сейсмикалык режимди изилдөө, сейсмикалык райдондоштуруу жана республиканын аймагынын жана анын айрым райондорунун сейсмикалык коркунучуна баа берүү.
Жумуш учурлары
Маанилүү илимий жетишкендиктери:
- Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык райондоштуруу карталары масштабы 1:1000000 (1968, 1978, 1995, 2011).
- Чүй ойдуңунун 1:500000 масштабындагы деталдаштырылган сейсмикалык райондоштуруу карталары (1975, 1995).
- Ош областынын түндүк-чыгыш бөлүгүнүн 1:500000 масштабындагы деталдаштырылган сейсмикалык райондоштуруу карталары (1978).
- Республиканын түштүк-батыш бөлүгүнүн 1:500000 масштабындагы деталдаштырылган сейсмикалык райондоштуруу карталары (1978).
- Ысык-Көл ойдуңунун 1:500000 масштабындагы деталдаштырылган сейсмикалык райондоштуруу карталары (1993).
- Байыркы замандардан берки бүткүл Тянь-Шандын күчтүү жер титирөөлөрүнүн (М > 4.7) жыйнакташтарылган каталогу.
- Тянь-Шандын аймагын сейсмикалык райондоштуруунун 1:2000000 масштабындагы жалпы бириктирилген картасы.
- Республиканын жана бүткүл Борбордук Азиянын аймактарынын байыркы замандардан 2000-жылга чейинки жер титирөөлөрүнүн жыйнакташтырылган унификацияланган каталогу.
- Кыргызстандын жана ага чектеш аймактардын байыркы замандардан бери 2000-ж. чейинки жер титирөөлөрүнүн макросейсмикалык каталогу.
- Жыл сайын чыгарыла турган Борбордук Азиянын жер титирөөлөрүнүн каталогу (1995-ж. тартып).
|
 |
Үрүмчү ш., Кытайда 90-жылдардагы Сейсмология институтунан келген окумуштуулар делегациясы |
КР УИАнын Сейсология институтунун жаш мууну |
Эл аралык ишмердик
Лаборатория Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кытайдын окумуштуу сейсмологдору менен биргелешкен илимий иштерди жүргүзөт.
Эл аралык долбоорлор
- Күчтүү жер титирөөлөрдүн очоктуу зоналарындагы чөйрөлөрдүн ылдамдык жана солкулдак сапаттары (1998-2001, МНТЦ долбоору).
- Тянь-Шандын активдүү сыныктары жана күчтүү кыймылдары (2000-2003, МНТЦ долбоору).
- Тянь-Шандын литосферасынын геодинамика жана сейсмикалык коркунучтуулугу менен байланышкан үч өлчөмдүү ылдамдык модели (2003-2005, МНТЦ долбоору).
- Establishment of the Central Asia Seismic Risk Initiative (2006-2008, ISTC foundation).
Лаборатория иштеп келе жаткан мезгил ичинде 15 монография жана жыйнактар, 250дөн ашуун макалалар жарыяланган.