+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

 «Божомолдоонун сейсмологиялык методдору» Лабораториясы

Башчысы: физика-математик илимдеринин доктору,Абдирашит Муркамилович Муралиев.

Лаборатория 1975-жылы уюштурулган (лабораториянын башчысы ф.-м. и.к. Грин В.П. болгон). 1976-ж. 1989-ж. чейин (ф.-м. и.к., Ильясов Б.И.), 1990-2009 жж. (г.-м. и.к. Омуралиев М. О.). 2008-жылдан тартып лабораторияны ф.-м.и.д. Муралиев А.М. жетектейт.

 
 А.М. Муралиев М.О. Омуралиев Б.И.Ильясов

Негизги илимий изилдөөлөр жер титирөөлөрдү божомолдоого багытталган.

Лабораториянын изилдөөлөр тармагы:

  • Жер титирөө очоктору.
  • Сейсмикалуулук жана сейсмикалык режим.
  • Сейсмогеодинамика.

Жумуш учуру

Изилдөөлөрдүн максаты: Кыргызстандын аймагынын жер титирөөлөрүнүн жана сейсмикалык режиминин очокторунун механизмдерин жана анын жер титирөөлөрдү божомолдоонун сейсмологиялык методдорун өнүктүрүү үчүн сейсмоактивдүү зоналарын изилдөөнү улантуу.

Негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат:

  • Тянь-Шандын жер титирөөлөрүнүн ОМ жогорку маалыматтык технологияларды пайдалануу менен массалык иштеп чыгууну уюштуруу; Борбордук Азиянын жер титирөөлөрүнүн ОМ тууралуу маалыматтар базасын аныктоо жана түзүп чыгуу, алардын жыл сайын чыгарыла турган РИА ГКсынын (Обнинск ш.) «Түндүк Евразиянын жер титирөөлөрү» жыйнагында жарыялоого даярдоо. Кыргызстандын жер титирөөлөрүнүн ОМ жана анын сейсмоактивдүү зоналарын аныктоонун келишимдүүлүгүнө баа берүү санариптик сейсмикалык жазууларды иштеп чыгууну колдонууну эсепке алуу менен аткарылат
  • Кыргызстандын аймагынын жана анын сейсмоактивдүү зоналарынын жалпы сейсмикалык кырдаалын аныктоодо зор көңүл жер титирөөлөр очокторундагы жылып кетүүлөрдүн типтери боюнча жер титирөөлөрдү класстарга бөлүүгө, жер титирөөлөрдүн статистикасы боюнча сейсмикалык тынчып калуу жана сейсмикалык активдешүү мезгилдерин бөлүп чыгууга, санариптик сейсмикалык станциялардын айланасындагы микросилкинүүлөрдү изилдөөгө бурулган. Сейсмикалык 1 жана 2-жаралган ачылып калууларды аныктоо тууралуу милдеттерди чечүү чыгаруу келечектеги жер титирөөнүн потенциалдуу ордун аныктоого, изилденип жаткан аймактын жогорку сейсмикалуу, аз сейсмикалуу жана төмөнкү сейсмикалуу областтарынын географиялык абалынын чектерин тактоого жардамдашат.
  • Божомолдоо милдеттерин чечүү сейсмикалык процесстерге байланышкан сейсмикалык режимдин параметрлеринин гидрохимиялык жана гидродинамикалык байкоолордун жана башка физикалык кубулуштардын параметрлери менен салыштырууну жүргүзүүнү талап кылат. Иштерди жүргүзүүнүн жалпы методикасы жер титирөөлөрдү божомолдоонун сейсмологиялык методдорун өнүктүрүүгө багытталган

2013-жылдан тартып лабораторияда анын негизинде чейректик отчеттор бериле турган МНТЦ (#KR-2011) эл аралык долбоору аткарылууда. Бир катар илимий макалалар жазылган жана жарык көргөн. Азыркы учурда (#KR-2011) долбоору улантылууда