+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

«Инженердик сейсмология жана сеймикалык микрорайондоштуруу» Лабораториясы

Башчысы: Камчыбеков Мураталы Пакирович,техника илимдеринин кандидаты.

Камчыбеков М. П.

 

Лабораториянын жамааты

Инженердик сейсмологиянын милдети болуп курулуштардын сейсмотуруктуулугун жүзөгө ашыруу үчүн сейсмикалык кубулуштарды изилдөө эсептелет. Имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо учурунда тургузула турган имарат аны колдонуп жаткан учурларда кандай эң чоң олку-солкулукка туш болушу мүмкүн экендигин божомолдой билүү, б.а. курулмага карата сейсмикалык таасир көрсөтүүнү божомолдоону берүү зарыл.

Инженердик сейсмологиянын негизги маселеси болгон сейсмикалык таасир көрсө-түүлөрдү божомолдоо – үч багытта чечилет. Биринчиден, өлкөнүн айрым райондорунун жалпы сейсмикалык коркунучтуулугу аныкталат, өлкөнүн аймагынын сейсмикалык райондоштурулушу түзүлөт жана такталат. Экинчиден, ар кандай кыртыш шарттарынын райондун сейсмикалуулугун азайтуучу же жогорулатуучу түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн жер бетиндеги сейсмикалык чайпалышынын интенсивдүүлүгүнүн таасирине баа берилет. Мындай белгилүү бир аймактар үчүн жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдү шаарлардын, өнөр жай аянтчаларынын жана суу сактагычтардын аймактарын сейсмикалык микрорайондоштуруу деп атоо кабыл алынган. Үчүнчүдөн, кыртыштырдын жылышуусунун, ылдамдыгынын, ылдамданууларынын, мезгилдеринин, энергиясынын чоңдуктары сыяктуу чайпалуулары жөнүндө сандык маалыматтар белгиленет, б.а. баллдарда жана ылдамдануулардын кыл чокусундагы маанилерде туюнтулган жер титирөөлөрдүн күчүн аныктоо үчүн шкала түзүлөт жана өркүндөтүлөт.

Эң алгач лабораториянын структурасы курамынын ичине эки лаборатория кирген бөлүм болгон:

      • Башында г.-м.и.д., профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Турдукулов Аскер Турдукулович турган сейсмикалык микрорайондоштуруу лабораториясы, анда жетектөөчү илимий кызматкерлер – г.-м.и.к. Репина З.Ф, г.-м.и.к. Токмулин Ж.А. ж.б.лар эмшектенишкен.

 

Г.-м.и.доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти Турдукулов Аскер Турдукулович. Анын жетекчилиги алдында Токмулин Ж.А., Беласлюдцев В., Мусиенко Е.В., Камчыбеков М.П., Егембердиева К.А.лар тарабынан кандидаттык диссертациялар жакталган.

  •  Ошол кезде башында т.и.к. Дүйшеналиев Шакен Дүйшеналиевич туруп жетектегенжана анын жетекчилиги алдында г.-м.и.к. Исмаилахунов К.Х., Иманалиева А. ж.б.лар эмгектенишкен инженердик сейсмология лабоарториясы.

ХХ кылымдын акыркы өткөн жылдары ичинде бөлүм тарабынан Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Каракол, Талас, Токмок, Кара-Балта, Таш-Көмүр, Өзгөн ж.б. шаарларынын; площадок строительства створов плотин Токтогул, Папан, Киров, Төмөнкү-Алаарча, Чоң-Кемин, Кичи-Кемин, Ула-Хол, Шамшы жана башка гидрокурулуштарынын плотиналарынын эки жакка ачылмаларын куруу аянтчаларынын; тоо-кен объектилеринин – Талас ТОК, Орловка тоо-кен-металлургия комбинатынын ж.б. аянтчаларын; Бишкек ТЖБ-2, Кызыл-Кыя цемент заводу ж.б. өнөр жай аянтчаларынын курулуштарынын сейсмикалык микрорайондоштуруу карталары түзүлгөн жана колдонууга киргизилген.

Азыркы учурда лаборатория эки – инженердик сейсмологияны жана сейсмикалык микрорайондоштуруу лабораторияларын бириктирип турат жана изилдөөлөрдүн ар түрдүү багыттары боюнча илимий жана колдонмо тапшырмалардын кеңири чөйрөсүн чечүүнүн үстүндө эмгектенет.

Эл аралык кызматташуунун алкактарында лаборатория НАТО, МНТЦ жана CRDF эл аралык долбоорлорунда; NORSAR (Норвегия сейсмологиялык кызматы) эл аралык долбоорунда «Орто Азиянын, Кыргызстандын, Тажикстандын Өзбекстандын жана Афганистандын мүмкүн болгон катышуусундагы сейсмикалык тобокелдиги» темасында Каракол ш. сейсмикалык микрорайондоштуруу картасын түзүү боюнча долбоордун жана күчтүү жер титирөөлөрдүн эрте алдын алуу боюнча долбоордун алкактарындагы иштерге активдүү катышкан, бул максатта Бишкек шаарында күчтүү кыймылдын 60 сейсмикалык станциясы орнотулууда.

Лаборатория жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин илимий мекемелери менен тыкыс кызматташат, анын ичинде: «Гидроатайын долбоору» ЖЧКсы, РИАнын Геосфералардын динамикасы институту, РИАнын Жер Физикасы Институту (Москва, Россия); NORSAR – Норвегиянын сейсмологиялыек кызматы (Норвегия); GFZ – Жерди изилдөөнүн немец борбору (Потсдам, Германия); АКШнын Геологиялык кызматы (USGS), Кандили Университети (Турция), Аликанте Университети (Испания), Кандилли Обсерваториясы жана Жер титирөөлөрдү изилдөө Институту (Стамбул, Түркия); Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Азербайжандын ж.б. Сейсмология институттары.

Лаборатория Кыргызстандын илимий жана билим берүү мекемелери : КР УИАнын Автоматика жана геология институту; Жерди колдонмо изилдөөлөрдүн Борбордук-Азиялык институту (ЖИБАИ); Бишкек ш. РИА Илимий станциясы; Курулуштун, транспорттун жана архитектуранын Кыргыз мамлекеттик университети (КТАКМУ), Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ), КМТУнун Тоо иштери институту, КР МАМкурулушу, Сейсмотуруктуу курулушту долбоорлоонун кыргыз илимий-изилдөө институту, Кыргызстандын шаарларынын Башкы архитектуралары менен ишкер кызматташуу катнашында иш алып барат.

Лабораториянын илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары эл аралык жана ата мекендик илимий-мезгилдүү басылмаларда жарык көрөт жана ар түрдүү эл аралык илимий-практикалык конференцияларда жана симпозиумдарда баяндалат.

Лаборатория 2009-ж. 22-декабрында Камбарата-2 ГЭСинин плотинасын жаратуу боюнча ири масштабдагы жардырууну таанып-билүү боюнча; Талас областындагы Жерүй алтын-кен комбинатынын калдык сактоочу туюк кабынын аймагынын сейсмикалуулугун билүү боюнча; Жалал-Абад областындагы Бозымчак карьерасындагы жардыруулардын сейсмокаттоосун жана иликтениши боюнча; Жогорку-Нарын ГЭСинин каскадындагы объекттерди эсептөө методу менен сейсмомикрорайондоштуруу изилдөөлөрүн аткарган.Азыркы учурда лабораториянын ишмердигинин жыйынтыктарынын бири болуп Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын жана Токтогул суу сактагычынын аймактарынын сейсмикалык коркунучтуулугунун жана тобокелдиктеринин мүмкүн болуучу карталарынын түзүлүшү эсептелет. Лаборатория КТАКМУнун сейсмотуруктуу курулуш лабораториясынын виброплатформасында турак-жай үйлөрүнүн ар түрдүү моделдерин эксперименталдык изилдөөлөргө катышат.

Лабораториянын ишмердигинин негизги багыттары:

  1. Шаарлардын, гидротехникалык курулуштардын жана ири өнөр-жай объектилеринин сейсмикалык кооптуулугуна баа берүү.
  2. Шаарлардын, гидротехникалык курулуштардын жана ири өнөр-жай объектилеринин аймактарына баштапкы сейсмикалык интенсивдүүлүктү тактоо максаттарында сейсмикалык микрорайондоштуруу карталарын түзүү.
  3. Чайпалуулардын топурак шарттарына жараша спектралдык мүнөзү.
  4. Күчтүү кыймылдоолордун амплутудалык-жыштык спектри.
  5. Жарылуу толкунунун чайпалуусунун имараттарга жана курулуштарга көрсөткөн таасирин изилдөө.
  6. Шаарлардын, гидротехникалык курулуштардын жана ири өнөр-жай объектилеринин аймактарынын микросейсм карталарын түзүү.
  7. Шаарлардын, гидротехникалык курулуштардын жана ири өнөр-жай объектилеринин аймактарынын сейсмикалык тобокелдик карталарын түзүү.