+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОРБОРУ (КР УИА СИ МБ)

Жетекчиси:  Берёзина Анна Викторовна

МБнын структурасы:

  • Сейсмологиялык маалыматтарды иштеп чыгуу сектору (СМИС)
  • Системалык жана маалыматтык камсыздоо сектору (СМКС).
  • КР УИАнын СИ архиви.

Бардыгы болуп МБда 24 адам эмгектенет.

Жаралуу тарыхы:Сейсмология институтун компьютерлештирүү 1980-жылы ИВК-4 эсептөө комплексин орнотуу учурунда башталган. Ошол эле убакта сейсмикалык, гидрогеохимиялык жана гидрогеодинамикалык байкоолордун машинада окула турган (перфокарта) формадагы маалыматтар базасы түзүлөт. 1987-жылдын 1-февралынан тартып Сейсмогеофизикалык маалыматтарды иштеп чыгууну автоматташтыруу партиясы, СМАМП түзүлөт (1987-жылдан 1988-жылга чейин начальниги – Грин Т.П., 1988-жылдан 1997-жылга чейин – т.и.к. Молдобеков К.М.), жана анын жыйынтыгы катары Институтту эсептөө техникасы менен пландуу жабдуу жана байкоолордон алынган маалыматтарды иштеп чыгууну автоматташтырууга  өтүү башталат. 1997-жылы СМАМП Эсептөө Борборуна (начальниги – Чеховская Р.А.), ал эми 2008-жылы, эл аралык стандарттарга ылайык, КР УИА СИнин Маалыматтарды иштеп чыгуу борборуна (начальниги – Берёзина А.В.) өзгөртүлүп түзүлгөн. Белгилей кетүүчү нерсе, 2002-жылдан тартып КР УИА СИ МБнын базасында Ядролук Сыноолорго (Бардыгын камтый турган) тыюу салуу тууралуу Келишим Уюмунун Маалыматтарындын Улуттук Борбору NDC093 иштеп жатат.

 
Молдобеков К. М. Чеховская Р.А. Берёзина А. В.

Ишмердиктин негизги багыттары:

  1. Сейсмологиялык маалыматтар банкын жүргүзүү.
  2. Сейсмикалык окуяларды жазып алууларды иштеп чыгуу.
  3. Жер титирөөлөрдүн негизги параметрлерин аныктоо жана жер титирөөлөрдүн каталогун түзүү.
  4. Өнөр жай жардырууларынын параметрлерин аныктоо, жана алардын каталогун түзүү.
  5. Майда силкинүүлөрдүн каталогун түзүү.
  6. Спектралдык талдоо жүргүзүү, динамикалык параметрлердин каталогун түзүү.
  7. Жер титирөөлөрдүн чок борборлорунун карталарын тургузуу.
  8. Маалыматтарды архивдөө.
  9. Маалыматтар менен маалыматтардын эл аралык борборлору менен алмашып туруу.

Жүргүзүлгөн иштердин максаты: КР УИА СИнин байкоо станцияларынан келип түшкөн сейсмикалык, магнитометрикалык, гидрохимиялык, гидрогеодинамикалык маалыматтардын интегралдык банкын түзүү жана толуктоо. Ошондой эле КР УИА СИ МБда 39º 00' - 44º 00' N жана 69º 00 - 81º 00' E координаттарынын чегинде сейсмикалык маалыматтарды ыкчам жана аналитикалык иштеп чыгуулар жүргүзүлөт, буга Кыргызстандын аймагы жана коңшу мамлекеттердин жакын жайгашкан райондору кирет. Ушул аймакта болуп өткөн сейсмикалык окуялардын негизги жана динамикалык параметрлеринин маанилери аныкталат. Түзүлүп жаткан интегралдык маалыматтар банкы КР УИАнын Сейсмология институтунун лабораторияларынын илимий-изилдөө иштери үчүн, анын ичинде Кыргызстандын аймагынын жана ага жакын жайгашкан областтардын сейсмикалык коркунучуна баа берүү үчүн негиз болуп эсептелет.

Жумуш учурлары:

  

 

   

Эң маанилүү жетишкендиктери:

  • Кыргызстандын биздин эрага чейинки 250-жылдан тартып азыркы учурга чейинки жер титирөөлөрүнүн каталогу (макросейсмикалык маалыматтар).
  • Майда силкинүүлөрдүн каталогу.
  • Өнөр жайлык жана ядролук жардыруулардын каталогу.

Эл аралык кызматташуусу: КР УИА СИ МБ төмөнкү кыргызстандык жана эл аралык уюмдар менен тыкыз кызматташтыкта:

  1. Норвегиянын сейсмологиялык кызматы, NORSAR (Кёллер ш., Норвегия).
  2. IMS AS060 жардамчы станциясын (Ала-Арча) биргелешип эксплуатациялоо жана ядролук сыноолорго катышуу боюнча ОДВЗЯИнын Даярдык Комиссиясы (CTBTO) (Вена ш., Австрия).
  3. ААК10 түйүнүнүн IRIS/IDA «Ала-Арча» сейсмикалык станциясын Өз ара түшүнүшүү боюнча кол коюлган Меморандумга ылайык биргелешип эксплуатациялоо боюнча IRIS Консорциуму (Сан-Диего ш., США). IRIS корпорациясы менен илимий-техникалык кызматташуунун алкактарында айкын убакыт ыргагында KRNET түйүнүнүн станцияларынан Маалыматтардын эл аралык борборлоруна маалыматтарды берүү боюнча иштер жүзөгө ашырылат.
  4. Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги (Кыргыз Республикасы). Шашылыш ыргакта Кыргызстандын жана ага чектеш областтардын аймактарында болуп өткөн жер титирөөлөр тууралуу маалыматтарды берүү жүзөгө ашырылат.
  5. ISC Эл аралык Сейсмологиялык Борбору (Тэтчем ш., Великобритания). ISCке Кыргызстандын жана ага чектеш областтардын аймактарында болуп өткөн жер титирөөлөрдүн алдын ала жана акыркы бюллетендерин берүү жүзөгө ашырылат.
  6. Илимдин Федералдык Мамлекеттик Бюджеттик Мекемеси, Россия илимдер Академиясынын Бишкек шаарындагы Илимий станциясы (РИА ИС). Илимий-техникалык кеңешүүлөр, маалымат алмашуулар жүргүзүлөт, ошондой эле РИА ИСтин кызматкерлери KNET түйүнүнөн маалыматтарды алуу боюнча техникалык жардам көрсөтүшөт.
  7. Кызматташуу тууралуу кол коюлган келишимге ылайык, болуп өткөн жер титирөөлөр тууралуу ыкчам маалымат алмашуу боюнча Россия Илимдер Академиясынын Геофизикалык кызматы (РИА ГК, Обнинск ш., Россия).
  8. Өз ара кызматташуу тууралуу келишимге ылайык, илимий-техникалык кеңешүүлөрдү жүргүзүү жана маалымат алмашуу боюнча «ЦАИИЗ» Борбор-Азиялык Колдонмо Изилдөөлөрү Институту (Бишкек ш., Кыргыз Республикасы).
  9. Казакстан Республикасынын Геофизикалык изилдөөлөр институту (ГИИ Маалыматтар Борбору менен (КНЦД)) (Алматы ш., Казакстан) илимий-техникалык кызматташуунун алкактарында маалыматтар жана сейсмикалык материалдар менен алмашуу жүргүзүлөт, илимий-техникалык кеңештер берилет.
  10. Сейсмикалык, магнитометриялык жана гидрохимиялык маалыматтар менен алмашуу боюнча «Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим комитетинин сейсмологиялык тажрыйба-методикалык экспедициясы» мам. мекемеси (Алматы ш., Казакстан).
  11. Кол коюлган «Илимий жана колдонмо милдеттерди чечүү үчүн сейсмология тармагындагы илимий-техникалык маалымат менен алмашуу боюнча келишимге» ылайык сейсмикалык маалыматтар менен алмашуу боюнча Г. Мавлянов атындагы Сейсмология институту (Ташкент ш., Өзбекстан).