+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

«Сейсмикалык коркунучка баа берүү» Лабораториясы

Заведующий: Омуралиев Медербек, геология-минералогия илимдеринин кандидаты

Сейсмикалык коркунучка баа берүү лабораториясы 2013-жылы өткөн жылдардагы КР УИАнын Сейсмология Институтунун түзүлүштөрүнүн: сейсмологиянын жана сейсмотектониканын космостук маалыматын колдонуу боюнча тобунун (башч. М.О. Омуралиев).

 
М. Омуралиев  

Изилдөөлөрдүн негизги багыттары – күтүлүп жаткан жер титирөөлөрдү аныктоо; жаратылышта болгон түзүлүштөргө жана жасалма курулуштарга сейсмикалык таасир көрсөтүүнүн мүмкүн болгон натыйжасын изилдөө; Кыргыз Республикасынын жергиликтүү, аймакмык жана улуттук масштабдагы ар түрдүү тармактарындагы сейсмикалык кооптуулукка баа берүү.

Изилдөөлөрдүн кошумча багыттары – Кыргызстандын, Казакстандын жана Россиянын РИАсынын Илимий станциясынын маалыматтары боюнча геомагниттик талаанын вариацияларын изилдөө.

Жумушчу учурлары

      

Маанилүү илимий жетишкендиктери:

  • Кыргызстандын аймагынын 1:500000 масштабындагы сейсмотектоникасынын картасы.
  • Кыргызстандын аймагынын 1:500000 масштабындагы жаңы тектоникасынын картасы.
  • Тянь-Шандын жер кыртышынын жана жогорку мантиясынын жашыруун структураларын, ошондой эле космикалык сүрөттөрдү изилдөөнүн негизинде флюиддерди активдештирүү областтарын аныктоо.
  • Кыргызстандын аймагындагы масштабы 1:1000000 болгон күчтүү жер титирөөлөрдү божомолдоо карталарын түзүү методикасын негиздөө (1989-жылдан тартып).
  • Кыргыз Республикасынын аймагындагы күчтүү жер титирөөлөрдү узак мөөнөттүү божомолдоонун картасы (1996), 1:1000000 масштабында (КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берилген).
  • Борбордук Азиянын күчтүү жертитирөөлөрүнүн изосейстинин атласы.
  • Күчтүү жер титирөөлөрдүн жогорку чектеги ылдамданууларынын атласы жана Борбордук Азиянын сейсмогендүү зоналарынын жогорку чектеги ылдамданууларынын басаңдоо мыйзамдары.
  • Тянь-Шандын активдүү блокторунун картасы.
  • Активдүү жараңкалардын динамикалык сегменттелиши жана жараңкалардын туурасынан жана узунунан кеткен сейсмикалык активдештирүү векторлору табылган.
  • Кыргызстандын күчтүү жер титирөөлөрү даярдалып жаткан мезгилиндеги геомагниттик талаанын өзгөрүүсүнүн эффекттери аныкталган.

Эл аралык долбоорлор:

  1. Тянь-Шандын активдүү жараңкалары жана күчтүү кыймылдары (2000-2003, МНТЦ долбоору).
  2. Радондуу мониторинг жүргүзүүнүн автоматташтырылган системасын түзүү жана түндүк Тянь-Шандын жер титирөөлөрүн маалыматтык билдирүүчү катары аны колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу (Кыргыз Республикасы) (2001-2004, МНТЦ долбоору).
  3. Түштүк Кавказдагы жана Борбордук Азиядагы жаратылыш коркунучтарынын тобокелдигин төмөндөтүү үчүн илимий борборлордун ачык түйүнү (2006-2009, МНТЦ долбоору).
  4. Тянь-Шандын Талас-Фергана жараңкасынын геодинамикасы жана Борбордук Азиянын аймагындагы жаратылыш кырсыктары (2006-2009, МНТЦ долбоору).

Лаборатория иштеп жаткан мезгил ичинде 7 монография, 120 макала жарык көргөн, 2 картыа чыгарылган, 10 илимий иштердин күбөлүгү, ойлоп табуулардын 10 патени алынган.