+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

СЕЙСМИКАЛЫК МОНИТОРИНГ БОРБОРУ (КР УИА СИ СМБ)

Жетекчиси: Сейталиев М. М.

ЦКР УИА СИнин Сейсмикалык мониторинг борбору, мурунку аталышы «КР УИА СИнин тажрыйбалык-методикалык сейсмологиялык экспедициясы», КР Улуттук илимдер академиясынын 2008-жылдын 14-июлундагы КР УИАнын Сейсмология институтунун жана ТМСЭнин бириктирилиши тууралуу буйругуна ылайык түзүлгөн. Өз кезегинде,ТМСЭ 1979-жылдын 1-январында түзүлгөн эле. Төмөндө ар башка мезгилдерде ТМСЭни башкарышкан жетекчилер саналып өтөт:

 

   Шварцман Ю. Г. Ильясов Б.И.
Мукушев Д. М. Джанузаков К. Шварцман Ю. Г. Ильясов Б.И.
Шукуров У. Ш   Омуралиев М. О. Сейталиев М. М.
Шукуров У. Ш Омуралиев М. О. Сейталиев М. М.

 

СМБнын негизги милдеттери төмөнкүлөр

Кыргыз Республикасынын аймагында үзгүлтүксүз сейсмикалык, геофизикалык байкоолорду жүргүзүү. Андан тышкары:

  • сейсмикалык жана геофизикалык жабдууларды орноштуруу жана иштөөгө даярдоо;
  • жаңы техниканы колдонууга киргизүү;
  • жардамчы аппаратураны оңдоо жана алдын алып жөнгө салып туруу.

Ушул максаттарда эки полигон түзүлгөн: түндүк жана түштүк, аларды тиешелүүлүгүнө жараша Абдылдаева Ф.С. жана Калилов А. жетектешет, андан тышкары техникалык колдоп туруунун эки тобу уюштурулган.

Абдылдаева Фатима Калилов Адылбек Семинар-2012, Арсланбоб а.
Абдылдаева Фатима Калилов Адылбек Семинар-2012, с. Арсланбоб

2007-жылы ноябрда, Ядролук Сыноолорго бардыгын камтыган тыюу салуу тууралуу Келишим Уюму (ЯСБТСКУ) менен кызматташуунун алкактарында, Норвегиянын Сейсмологиялык кызматы, NORSAR, Норвегиянын Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен КР УИАнын СИсине 10 санариптик, кеңири сызыктуу сейсмикалык станцияларды берген, алар КР УИАнын СИсинин таканчык сейсмостанцияларында орнотулушкан.

Түндүк полигондо «Боом», «Ананьево», «Каракол», «Кажы-сай», «Нарын», «Арал», «Манас», «Токтогул» сейсмостанцияларында «GURALP SYSTEMS LTD» санариптик аппаратурасы орнотулган.

Түштүк полигонунда «Терек-Сай», «Аркит», «Баткен», «Арсланбоб», «Суфи-Курган», «Карамык» сейсмопункттарында жана АЦП LAI-24-USB «Салом-Алик» базасында «GURALP SYSTEMS LTD» санариптик станциялары орнотулган.

KRNET (КР УИА СИ) сейсмикалык станциялар түйүнү

Санариптик аппаратуранын комплекти Сейсмикалык маалыматтардын көрүнүшү
Санариптик аппаратуранын комплекти Сейсмикалык маалыматтардын көрүнүшү

 

Жумуш учурлары