+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

«Сейсммкалык кооптуу зоналарды изилдөөнүн геофизикалык методдору» Лабораториясы

Башчысы: Погребной Валентин Николаевич, физика-математика илимдеринин доктору.

КР УИАнын Сейсмология институтунун изилдөөлөр комплексине кире турган негизги милдеттердин бири болуп сейсмикалуулукка байланыштуу жер кыртышынын жана анын жогорку мантиясынын ылдамдык жана тереңдик түзүлүшүн изилдөө эсептелет. Жер титирөө өтүп жаткан чөйрөнүн түзүлүшүн билбей туруп, геодинамикалык процесстердин жаратылышын аңдап-таануу мүмкүн эмес.

Е.А. Розова 
Е.А. Розова,
Кырг. ССРинин
ИАсынын академиги

Тянь-Шандын жер кыртышынын жана жогорку мантиясынын ылдамдык түзүлүшүн изилдөө боюнча иштер Кыргыз ССР ИАсынын Сейсмология бөлүмүн уюштурган жана жетектөөчүсү болгон академик Е.А. Розованын (1899–1971 гг.) аты менен байланышта. Бул бөлүм Кыргызстандын жана ага чектеш райондордун аймактарында болуп жаткан жер титирөөлөрдүн гипоцентрлеринин параметрлерин аныктоо, сейсмикалуулукту деталдаштырып изилдөө боюнча иштерди аткарган. 1962-1967 -жылдары деталдаштырылган сейсмикалык байкоолор долбоорлонуп жаткан: Токтогул, Киров, Папан плотиналарынын райондорунда жүргүзүлгөн. 1967-жылдан тартып деталдаштырылган сейсмикалык байкоолор Чүй ойдуңунун жана анын тоо курчоолорунун районунда жүргүзүлүүдө. Ал бир эле мезгилде теоретикалык сейсмология лабораториясын жетектеген, лабораториянын ишинин жыйынтыгында Орто Азиянын жер кыртышынын тереңдик түзүлүшү тууралуу биринчи элестетүүлөр алынган эле. Анын негизинде Тянь-Шандын катмарлуу-бир түрдүү кыртышы тууралуу элестетүүлөр анын болушунча татаалыраак түзүлүшү тууралуу корутундулар менен алмаштырылган үч катмарлуу ылдамдык үлгүсү сунушталган.  

1975-ж. бул лаборатория  жер кыртышынын түзүлүшүн изилдөө лабораториясы болуп кайрадан аталган (лаб. баш. г.-м.и.к. Бисенгалиев И.М.). 1984. тартып  2008. чейин лабораторияны КР УИАнын мүчө-корреспонденти, ф.-м.и.д. Сабитова Т.М. жетектеген. Анын аты менен жер кыртышынын ылдамдык бир түрдүүлүк эместигинин деталдык изилденүүлөрү үчүн заманбап сейсмотомографиялык  методдордун өнүгүүсү байланышта. 1989-ж. КР УИАнын Сейсмология институтунун, КР УИАнын Жер физикасы институтунун жана АКШнын Ренсселеровдук политехникалык Институтунун окумуштууларынын илимий кызматташуусунун негизинде Орто Азияда биринчи жолу Тянь-Шандын жер кыртышын изилдөө үчүн сейсмотомография методдору колдонулган, бул орогендин ~65 км тереңдикке чейинки үч өлчөмдүү ылдамдык моделин иштеп чыгууга шарт түзгөн. 1998-жылдан тартып лабораториянын жамааты ушул моделди тактоонун жана деталдаштыруунун үстүнөн иштеп келе жатат. Ылдамдык моделин иштеп чыгууга ири салымды Сабитова Т.М., Адамова А.А., Меджитова З.А.лардын иштери кошо алган. 2006-жылы  маалыматтарды олуттуу кеңейтипген тандап алуунун негизинде (5 450 жер титирөөдөн Р-толкундарынын 30 000 чыгуулары жана S-толкундарынын 20 000 чыгуулары) жер кыртышынын жаңы үч өлчөмдүү модели иштелип чыккан, ал изилдөөнүн чоң аянтын жана 225 кмге чейин жеткен тереңдикти камтып турат.

                           Солдон оңго карай:Адамова А.А., КР УИАнын мүчө-корреспонденти Сабитова Т.М., Меджитова З.А.

Эсептелип чыккан үч өлчөмдүү ылдамдык моделдерин чечмелөө, Тянь-Шандын ылдамдык структуралары тууралуу маалыматтарды алуудан тышкары, изилденип жаткан аймактагы татаал геодинамикалык процесстерди таанып-билүүгө жакындашууга шарт түзгөн, анын ичинде сейсмикалуулуктун көрүнүшү жана анын литосферанын ылдамдык структурасы менен байланышы. Жаңы үч өлчөмдүү моделди пайдалануу, мисалга, алардын чектеринде күчтүү жер титирөөлөр болушу ыктымал болгон Тянь-Шандын жер кыртышындагы негизги алсызданган зоналардын (толкун чыгуулардын) райондорун жана тереңдиктерин аныктоого мүмкүндүк берген. 2008-жылдан тартып лаборатория Тянь-Шандын жер кыртышынын жана жогорку мантиясынын тереңдик түзүлүшүн изилдөө методдорун кеңейтүүгө байланыштуу (магнитометрия, гравиметрия) «Сейсмокоркунучтуу зоналарды изилдөөнүн геофизикалык методдору лабораториясы» (лаб. Баш. ф.-м.и.д., Погребной В.Н.) деп өзгөртүлгөн. Өзгөчө көңүл, ар башка рангдагы жер кыртышынын жана жогорку мантиянын жараңкалары менен генетикалык жактан байланышкан сейсмогендүү зоналардын структуралык өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө бурулган. Лабораториянын кызматкерлери тарабынан геофизикалык жана сейсмотомографиялык талаалардын өзгөчөлүктөрүн, тереңдик жараңкалардын сейсмикалуулугунун бөлүштүрүлүшүн жана аймактык абалынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Геофизикалык жана сейсмотомографиялык талаалардагы көзгө көрүнгөн сыяктуу эле жашыруун, күндүзгү үстүңкү бетке чыкпай турган дагы жараңкалардын структуралык өзгөчөлүктөрүн табуу жана аныктоо үчүн колдонула турган жараңкалардын чагылуу белгилери аныкталган.                                  Солдон оңго карай: Багманова Н.Х., Погребной В.Н., Миркин Е.Л., Гребенникова В.В., Волкова Т.Л.

Маанилүү илимий жетишкендиктери:

  1. Тянь-Шандын литосферасынын үч өлчөмдүү ылдамдык моделдери 225 км тереңдиктерге чейинки узунунан кеткен (Р) жана туурасынан кеткен (S) сейсмикалык толкундар боюнча аймактык жана телесейсмикалык жер титирөөлөрдүн, өнөр жайлык жана ядролук жардыруулардын жазууларынын негизинде эсептелген.
  2. Тянь-Шань орогенинин жер кыртышы аны курчап турган туруктуу аймактардын катмарынан кыртыштын ортоңку жана төмөнкү бөлүктөрүнүн төмөнкү ылдамдык структурасы менен айырмаланып тураары белгиленген.
  3. ВКыртыштагы жана мантиядагы олуттуу ылдамдыктын бирдей эместиги, биринчи кезекте, алсызданган зоналарда табылган. Кыртышта – бул ылдамдыктын же анын градиентинин тереңдиктин жогорулоосу менен төмөндөө тармагы, мантияда – ылдамдыктын аномалдуу төмөнкү маанилеринин субвертикалдуу зоналары.
  4. СТянь-Шандагы күчтүү жер титирөөлөр зонасынын калыптанышы тикеден-тике жер кыртышынын жана жогорку мантиянын ылдамдыктык бирдей эместиктиги менен байланышта экендиги тууралуу корутунду чыгарылган, жана биринчи кезекте ал – мантияда төмөнкү ылдамдыктагы тереңдик аномалиялардын болушуна байланыштуу. Бул аталган факт жер титирөөлөрдүн мүмкүн болгон зоналарын бөлүштүрүү критерийи катарында колдонулушу ыктымал.
  5. Көзгө көрүнгөн сыяктуу эле, жашыруун жараңкалардагы аймактык жана структуралык жайгашуусун аныктоого жана тактоого мүмкүндүк бере турган геофизикалык талаалардагы жараңкалардын жана жараңкалуу зоналардын белгилери аныкталган.

                                         

  Чуй ойдуңунун жана анын тоо курчоосунун бөлүштүрүлүү зонасындагы

аномалдуу (∆Т)а талаасынын схема-картасы

Лабораториянын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын аймагынын сейсмикалык коркунучтуулугуна баа берүү боюнча методдор комплексинде колдонулат. Бир катар жылдар бою лаборатория чет элдик гранттар тарабынан каржылануучу долбоорлор боюнча иштерди алып барган: Сорос фонду (1995, 1996-жж.) жана Эл аралык илимий-техникалык борбор - МНТЦ (1998-2001 жана 2003-2006-жж.). Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары кеңири белгилүү чет элдик («Физика Земли», «Геология и геофизика», «Geophysical Research» ж.б.) жана республикалык журналдарда («Наука и новые технологии», «Известия НАН КР», «Известия ВУЗов») жарыя көргөн жана Эл аралык форумдарда жана конференцияларда баяндалып келет.