Башчысы: Абдрахматов Канатбек Ермекович, геология-минералогиялык илимдердин доктору, профессор.
Сейсмотектоника лабораториясы 1988-жылы узак жылдар бою геология-минералогиялык илимдердин доктору В.И. Кнауф жетектелген терендик тектоникасы лабораториясынын жана геология-минералогиялык илимдердин доктору, профессор О.К.Чедия жетектеген жа?ы тектоника лабораториясынын биригишинин базасында уюштурулган.
![]() |
![]() |
![]() |
К.Е.Абдрахматов | О.К.Чедия | В.И.Кнауф |
Изилдөөлөрдүн негизги багыттары –сейсмикалык коркунучтарга геологиялык методдор менен баа берүү, геодинамиканы жана палеосейсмологияны изилдөө.
Жумуш учурлары.
Маанилүү илимий жетишкендиктер:
Лабораториянын кызматкерлери: О.М. Григина, А.Мамбетова, А.Б.Фортуна, Л.Паневкина, Ч. Джумадылова, Ж.Болотова, А.В. Севостьянова, А.М. Корженков, Т.А. Чаримов, К. Нурманбетов, А. Джумабаева, Ч. Ормуков.
А.К.Трофимов, В.А. Язовский, А. Молдобаев, С. Канаев, Н. Байкулов
Эл аралык ишмердик
2006-жылдан тартып лабораториянын окумуштуулары тарабынан жер көчкүлөрдү изилдөө боюнча Эл аралык жайкы мектеп жүргүзүлөт, анда ар башка мезгилдерде АКШдан, Россиядан, Германиядан, Словакиядан, Франциядан, Белгиядан, Швейцариядан, Канададан, Кытайдан, Өзбекстандан, Казакстандан, Кыргызстандан жана Жаңы Зеландиядан келишкен студенттер катышышкан. Мектепти өткөрүүнүн жогорку сапаты үчүн Жер көчкүлөрдү изилдөөнүн эл аралык программасы (IPL) тарабынан КР УИАнын Сейсмология институту «Коркунуч тобокелдиктерин төмөндөтүү боюнча мыкты дүйнөлүк Борбор» наамына жана сертификатына татыктуу болгон.
Лаборатория өзүнүн илимий потенциалын чет элдик, АКШнын (Ороген университети, Түштүк Калифорниянын Жер кыртышы институту), Бельгиянын (Борбордук Африканын падышалык музейи, Льеж университети), Улуу Британиянын (Кембридж жана Оксфорд), Германиянын (Подстам университети), Россиянын (РИАнын Геосфералар институтут, РИАнын Геологиялык институту, РИА СОнун Геология институту, Улуттук ядролук борбор), Казакстандын (Сейсмология институту, Улуттук ядролук борбор), Өзбекстандын (Сейсмология институту), Тажикстандын (Геология институту жана Сейсмология институту) окумуштуулары менен байланыш түзүүнүн жана биргелешкен иштерге тартуунун эсебинен туруктуу өстүрүп келүүдө.
Эл аралык долбоорлор
Лаборатория иштеп келе жаткан учурда 12 монография жана жыйнактар, 800дөн ашуун макалалар жарык көргөн, 8 кандидаттык жана 2 доктордук диссертациялар ийгиликтүү жакталган.