+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

Сейсмология институту сакталып калабы?

Азыркы учурда Кыргызстанда илимди реформалоо боюнча компания жүргүзүлүүдө. Ар түрдүү варианттар сунушталып жатат – илимий Институттардын санын олуттуу кыскартуудан тартып аларды толук жок кылуу же болбосо университеттер, колледждер жана КТУлар менен кошуп салууга чейин!

Биз, реформаторлор Сейсмология институтунун өзгөчөлүгүн түшүнөт деген ишенимдебиз. Анткени Институт иштин маңызы боюнча – республиканын Сейсмологиялык кызматы! Аны кандайдыр бир башка уюмдар менен бириктирип коюу, балким, кырсыкка алып келиши дагы ыктымал! Анткени эч ким өзүнө 235 адам эмгектенген, республиканын бүткүл аймагында жайгаштырылган 24 сейсмикалык станцияны, жана ага кошумча катары 6 гидродинамикалык жана 5 магнитометрикалык станцияларды өзүнө албайт го. Жалгыз гана Мамлекет мындай уюмду камсыздап кармап тура алат! Болгону суроо пайда болот, Мамлекетке мындай уюм керекпи? Аймагында жыл сайын 6000ге жакын жер титирөөлөр болуп турган Мамлекетке чын эле уюм керекпи?

Мамбюджеттик долбоордун аякташы (2012-2014-жж.). Жыйынтыктарды чыгаруу.

КР УИАнын Сейсмология институту  «Кыргыз Республикасынын аймагындагы сейсмикалык коркунучка жана сейсмикалык тобокелдикке баа берүү» » (2012-2014-жж.) темасы боюнча илимий-изилдөөчүлүк мамбюджеттик долбоордун үстүндө иш алып барууну аяктады. Каттоо №0005689. Илимий жетекчиси: г-м.и.д. К.Е.Абдрахматов.

Республиканын аймагынын айрым бөлүктөрүнүн сейсмикалык коркунучуна баа берүүгө, ошондой эле республиканын айрым шаарларынын сейсмикалык коркунучуна баа берүүгө мүмкүндүк түзгөн жаңы маалыматтар алынды.

Тянь-Шандын сейсмогенерирлөөчү ири зоналары үчүн сейсмикалык режимдеги көп жылдык маалыматтар боюнча, алардын параметрлери Кыргызстандын аймагындагы сейсмикалык коркунуч деңгээлин жогорулатуунун мүмкүн болгон мезгилдерин жана күчтүү жер титирөөлөрдүн күтүлүп жаткан максималдуу магнитудаларын божомолдоого шарт түзө турган туруктуу гармониялуу курамдар байкала тургандыгы аныкталган.

Андан тышкары, Ысык-Көл көлүнүн түбүнүн тереңдик түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөтүүгө жана түбүнүн калдыктарынын, анын ичинде сейсмикалык жаратылышы бар болушу мүмкүн болгон курулушун көрүүгө мүмкүндүк бере турган кызыктуу материалдар алынды. Бул материалдар Бремен Университетинин немец изилдөөчүлөрү менен биргеликте өткөн экспедициялардын натыйжасында алынган.

КЭРден келген делегациянын визити

2014-жылдын ноябрь айында КР УИАнын Сейсмология институтунда Кытай Элдик Республикасынын жер титирөөлөр боюнча Администрациясынын келген делегация болду. Тараптар илимий кызматташуунун мүмкүн болгон тармактары тууралуу пикир алмашышты. Кытай кесиптештерибиз ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында да болушту, бул жакта ниеттенүүлөр тууралуу Меморандумга кол коюлду. Тараптар, сейсмикалык коркунучка баа берүү, ошондой эле жер титирөөлөрдү божомолдоо тармагындагы биргелешип жүргүзүлүүчү изилдөөлөр жемиштүү болот деген үмүтүн билгизишти.