+(312) 52-37-64
kis__@elcat.kg

Жер титирөөлөрдүн интенсивдүүлүгүнүн 12 баллдык шкаласы

Жер титирөөлөрдүн интенсивдүүлүгү жер бетиндеги талкалануулардын жана башка көрүнүштөрдүн даражаларынын жердин бетиндеги конкреттүү чекиттеги сапаттуу мүнөздөмөсү. Ал үчүн он эки баллдык шкала колдонулат.

Жер титирөөнүн күчү боюнча градациясы (интенсивдүүлүгү, сейсмикалык натыйжасы): 

Бир балл – минималдык силкинүү, адамдар тарабынан сезилбейт. 

Эки балл (абдан алсыз) – бийик имараттардын жогорку кабаттарында алсыз олку-солку болуу сезилет. Себеби болуп техногендүүлүк эсептелет, жүк салынган жүк тартуучу машинанын терезе алдынан өтүүсүнөн пайда болушу ыктымал.

Үч балл (алсыз) – люстралар кыймылдашат

Төрт балл (мээлүүн)имараттардын ичинде титирөө сезилет

Беш балл (күчтүү)олку-солку болуу имаратта дагы, көчөдө дагы сезилет.

Алты балл (күчтүү) эмерек жылат жана кулайт, идиш-аяк ордунан ыргыйт, терезенин айнектери жарылат. Адамдар коркуу менен имараттардан көчөгө качып чыгышат.

Жети балл (абдан күчтүү) – бутка туруп туруу кыйын, кыштан тургузулган үйлөрдүн дубалдары жарылат, тепкичтер жана курулуштардын тосмолору кулайт, көчөлөрдө жер көчкүлөр жана жараңкалар пайда болот, кышкысын – дарыяларда жана көлмөлөрдө муз жарылат. Кошумча коркунуч бар – өрттөр, авариялар, кыска ток туташып калуулар.

Сегиз балл (талкалоочу) – кыштан тургузулган тамдар талкаланат, жер алдындагы коммуникациялар үзүлөт.

Тогуз балл (талкалоочу) – кыртышта жараңкалар, дарыяларда жана көлмөлөрдө – катуу толкундоо пайда болот. 

Он балл (талкалоочу) – жолдордогу асфальт бүктөлүп жана талкаланат,  кыртыштагы жараңкалар – туурасы бир метрге чейин, жер көчөт жана жар кулайт. 

Он бир балл (катастрофиялык) – кыштан тургузулган тамдар дээрлик бардыгы талкаланат, жолдор катуу талкаланып калышат. 

 

Он эки балл (катастрофиялык) – жердин бети өзгөрөт, жер кыртышындагы жараңкалардын туурасы 10-15 метрге чейин, тереңдиги – 10 м чейин жетет же андан ашык болот, алар кийинки силкинүүлөрдө биригип же ачык бойдон калышат; кыртыштын вертикалдык олку-солкулуктар амплитудасы жарым метрге жетет; чоң-чоң аянттар чөгүп жана суу толуп калышы мүмкүн, же жогору көтөрүлөт - бир нече ондогон метр амплитудасы менен жана андан дагы көп; жараңкаларды бойлоп жылышуулар жүрөт.