Жер титирей баштаган кезде Сиз үйдүн ичинде болсоңуз:
- «ЖАТУУ, КОРГОНУУ жана КЫЙМЫЛДАБОО». Эгерде Сиз бекем жасалган тамак ичүүчү же жазуу үчүн столдун жанында болсоңуз, анда жерге ички дубалдын жанына жатып башыңызды жана мойнуңузду колдоруңуз менен жабыңыз.
- Терезелерден, илинип турган предметтерден, бийик эмеректерден, чоң-чоң тиричилик приборлорунан жана оор буюмдар салынган шкафтардан алысыраак кетиңиз.
- Эгерде Сиз имараттын ичинде болсоңуз, ал жактан жер титиреп бүткөнгө чейин чыкпаңыз.
- Жер титиреп жатканда керебетке жаткан болсоңуз, ошол жакта калып, башыңызды жаздык менен жабыңыз.
- Көп кабаттуу имараттарда өрт коопсуздугунун сигналдары жана спринклерлер иштей башташына даяр болуңуз.
- Балконго чыкпаңыз, от жакпаңыз, эшикти ачып, ашык керегесинин алдына туруңуз же коопсуз жерлерге жашыныңыз.
- Эгерде сиз майыптар коляскасын колдоно турган болсоңуз, анын дөңгөлөктөрүн бекитиңиз да, башыңызды жабыңыз.

Жер титирей баштаганда көчөдө жүргөн болсоңуз:
- Эгерде коопсуз жыла ала турган болсоңуз, анда ачык жерге чыгыңыз. Электр берүү зымдарынан, имараттардан жана бактардан алыс туруңуз.
- Машина айдап бара жатсаңыз, аны жолдун четине буруп, токтоңуз. Салаңдап турган коркунучтуу жерлердин алдына токтобоңуз (мисалы, көпүрөлөрдүн, электр зымдарынын же чоң-чоң жол белгилеринин алдына).
- Кулап кетиши мүмкүн болгон коркунучтуу предметтерди байкап туруңуз, сактап калуу иштеринин штабын табыңыз жана ал жактан каттоодон өтүңүз.

Жер титирөө аяктагандан кийин:
- Тегерегиңизде жүрүшкөн кишилерди текшериңиз, алар жаракат алышы мүмкүн. Аларга алгачкы жардамды көрсөтүңүз
- Олуттуу жаракат алган адамдарды кыймылдатпаңыз, алар катуу коркунучта калган кезден башка учурларда. Аларды жылуулап, жууркандар же кошумча кийим-кечелер менен жаап коюңуз.
- Имараттардан тепкичтер аркылуу тышка чыгыңыз, лифтти пайдаланбаңыз.
- Тегерегиңизде коркунучтуу, өрт, үзүлүп жерге түшкөн электр зымдары, газдын чыгып жатышы жана имараттардын талкаланышы сыяктуу шарттардын жок экендигин текшериңиз.
- Эгерде Сизде өрт өчүргүчтөр бар болсо жана Сиз аларды колдонууну үйрөнгөн болсоңуз, анда токтоосуз түрдө майда өрттөрдү өчүрө баштаңыз.
- Талкаланган айнектерден качыңыз.
- Төгүлүп калган коркунучтуу, агартуучу, щелочь, бакча химикаттары, сырлар, бензин же башка бат күйүп кете турган суюктуктардын жанында турганда өтө сак болуңуз. Эгерде Сизде шектенүү туула турган болсо, ал жерден кетип калуу керек.
Эгерде Сиз урандыларга камалып калсаңыз:
- Чаң көтөрүлбөшү үчүн болушунча азыраак кыймылдаңыз.
- Оозуңуз менен мурдуңузду кол жоолук же кийимдер менен жаап алыңыз.
- Түтүккө же дубалга койгулаңыз, Сиздин каякта экениңизди сактоочулар билип турушу үчүн.
- Эгерде бар болсо ышкырыкты колдонуңуз. Кыйкыруу эң акыркы аракет катары гана керек.
Жер титирөөлөрдөн тартылуучу жоготууларды азайтуу боюнча иш-чаралар

Жер титиреп жаткан кезде имараттагы жашынуу үчүн эң коопсуз жайлар:
Сиздин өзүңүздү, үй-бүлөңүздү сактоого жана талкалануу менен жоготууларды азайтууда сизге жардам бере турган жети кадам.
1-кадам. Өз үйүңүздөгү потенциалдуу коркунучту аныктап, аны бекемдей баштоо
Эң алгач үйүңүздү карап чыгыңыз да, же титирей баштаган кезде кулап кетиши мүмкүн болгон объектилердин аныктаңыз. Ушул кезде дароо жасоого боло турган эң жөнөкөй нерселер сейсмикалык толкундоолор болгон кезде жаракаттарды алуу коркунучун азайтат жана сиздин мүлктү коргойт. Сиз жасашыңыз керек болгон кийинки аракеттер, сизге өз өмүрүңүздү жана мүлкүңүздү сактоого жардамдашат.
Эгерде алар жасала элек болсо – анда азыр дароо баштаңыз: Тышка чыгуу жолдору тосулуп турбагандыгына дагы бир жолу ынанып алыңыз.
Салаңдап илинип турган буюмдар
Дубал сүрөттөрү жана башка илинип турган оор объектилер, сүрөттөрдүн бетине коюлган айнектер жана күзгүлөр сынып калышы мүмкүн.
- Керебеттин же дивандардын үстүнө четтери жок постерлер сыяктуу жумшак гана сүрөттөрдү, килемдерди же гобелендерди жайгаштырыңыз
- Күзгүлөрдү, сүрөттөрдү жана башка объектилерди бекем ийилип коюлган илмектерге илиңиз.
Ачык турган текчелердеги буюмдар
- Ачык текчелерде турган буюмдарды, керамикалык нерселерди жана чырактарды шпатлевка, шыбагыч же гелди пайдаланып бекитип коюңуз
Эмерек
Китеп шкафтары, тектир-тектир жасалган катуу эмерек жана дубал шкафтары сыяктуу бийик эмеректер кулап кетип, сизге жаракат келтириши мүмкүн
- Китеп шкафтары сыяктуу оор эмеректерди керебеттерден, дивандардан жана адамдар эс алып же уктай турган башка жерлерден алысыраак жылдырып коюңуз.
- Оор жана бат сына турган буюмдарды төмөнкү текчелерде сактаңыз
- Бийик эмеректердин жогорку бурчтарын дубалдарга бекитип салыңыз
- Эмерекке дубалга карабай, кыймылдоого шарт түзө турган, ошонусу менен мыктарга келүүчү чыңалууну азайта турган серпилгичтүү курларды да колдонууга болот.
Суу жана газ чыгуучу түтүктөр
Суунун ага башташы талкалоого алып келсе, газдын чыга башташы өрткө алып келиши ыктымал.
- Дат баскан суу жана газ түтүктөрүн алмаштырыңыз.
- Суу жылыткычтарга, мештерге, кургаткычтарга келе турган катуу газ жолдорун ийкем резина менен болоттон жасалган шлангдарга алмаштырыңыз.
Ашканада
Эгерде шкафтардын эшиктери ишенимсиз боло турган болсо, анда айнек идиштер жана фарфор буюмдар кулап кетип, талкаланышы мүмкүн.
- Шкафтардын эшиктерин бекемдеңиз, өзгөчө баш жактагысын, анткени титиреп жаткан кездерде анын ичиндегилерин жерге кулап кетүүдөн сактоо керек.
2-кадам. План даярдап алыңыз
Үй-бүлөңүз менен жер титирөөлөр жөнүндө жана сизге эмне үчүн даярдык планы керек экендиги тууралуу сүйлөшүп алыңыз. Жер титирөөгө чейин, анын маалында жана андан кийин эмне кылуу керек экендиги тууралуу сиздин үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү биле тургандыгына ынаныңыз.
Жер титирөө аяктагандан кийин силер каяктан жолуга турганыңыздарды пландаштырып коюңуз.
Эки жайды тандап алыңыз:
- Сиздин үйдүн жанындагы коопсуз жерден, жер титирөө аяктагандан кийин.
- Үйдүн жашоочуларын чыгарып кете турган же үй талкаланып кала турган учурга карата үйдөн алысыраак жерден.
Бул жерди тандан алгандан кийин
- Сиздин үйдөгү титирөө башталган кезде жашынууга боло турган коопсуз жерди аныктаңыз. Ар бир бөлмөдөн жана деги эле үйдөн чыгуунун эң жакшы жолун аныктаңыз. Ошондой эле сиздин аймактан же айылдан эвакуациялоонун эки мыкты жолун аныктап алыңыз. Талкаланып калган учурда кайсы бийик тамдар, электр өткөрүү зымдары ж.б. силердин жолду тосуп калаарына баа берип алыңыз.
- Кошунаңыз, досторуңуз же туугандарыңыз менен эгерде сиз титиреп жаткан кезде алыс жакта боло турган болсоңуз, алардын үйлөрүндө балдарыңыз менен жолуга тургандыгыңыз тууралуу макулдашып алыңыз.
- Шаардан тышкары жашаган досуңуздан же тууганыңыздан коркунуч туулган учурларда сиздин контакт адамыңыз болуусун өтүнүп коюңуз. Коркунуч болгондон кийин үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн бардыгы ага чалып, сиздин каякта экениңиз тууралуу көрсөтүп коюушу керек болот.
...тууралуу изилдеп жана билип алышыңыз керек
- Жаракат алган учурда алгачкы жардамды кантип көрсөтүү керектиги
- Өрт краны же өрт өчүргүч кайсыл жерде тураары
- Электрди, суу жана газды качан жана кантип өчүрүү керектиги
- Жакын жердеги өрт командасы же сактап калуу кызматы каякта экендиги
Билип алыңыз…
- Иштеген жериңиздеги, мектептеги же сиздин үйдө үй-бүлө убактысын өткөрө турган башка жерлердеги эвакуациялоо планын
- Үй-бүлөңүздүн мүчөлөрүнө алар дайыма көтөрүп жүрүшү үчүн “Контакт карточкасын” бериңиз. Карточкага шаардан тышкаркы контакттарды, маанилүү телефон номерлерин жана жолугуша турган жайды киргизип коюңуз.
- Планды изилдөөдө эки жолу тажрыйба жасап көрүңүз! Эвакуациялоо жолун басып өтүңүз! Телефон номерлерди толуктаңыз жана планды айына эки жолу текшериңиз!
Төмөнкү документтердин көчүрмөлөрүн жасаңыз жана аларды өз алдынча сактаңыз
- Паспорт
- Үйдүн документтери
- Айдоочуну күбөлүгү
- Туулгандыгы тууралуу күбөлүк
- Никеге тургандыгы же андан ажырашкандагы тууралуу күбөлүк
- Жана башка маанилүү документер.
Эгерде үйүңүз талкаланып кала турган болсо, эмне иш кылаарыңыз тууралуу алдын ала билген жакшы. Бийликтегилер сизге тез эле татыктуу нерсе сунуштай албай тургандыгы түшүнүктүү да. Каякта жашайсыз? Мурунку ишиңизге бара албай турган болсоңуз эмне менен алектене тургандыгыңызды билесизби? Эгерде сиздин банкта акча жок болуп кала турган болсо, же ал жер титирегенден кийин дароо өз ишин баштай албай турган болсо, акчаны каяктан аларыңызды билесизби?
3-кадам. Жер титиреген учурларга карата нөөмөт сумкасын даярдап коюңуз
Сумканы суу өтпөй турган контейнерге салыңыз, ал 3-5 күндүн ичинде сиздин төмөнкү буюмдарыңызды жеңил жылдырып жүрө ала турган жана сактай турган болсун:
- Ичиле турган суу (үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бир күнгө минимум төрт литрден)
- Алгачкы медициналык жардам буюмдары, дары-дармектер жана жеке гигиенанын самын, тиш пастасы жана даараткана кагазы сыяктуу буюмдары
- Жарык бергич фонарик, кошумча батарейкалары
- Радио
- Консервалар жана герметикалык пакеттердеги азык-түлүк
- Кийинекей балдар же кары адамдар үчүн атайын буюмдар
- Жылуу буюмдар, жууркан, бекем бут кийим, байпактар ж.б.
- Таштанды үчүн пластик пакеттери, жаан тоскучтар жана брезент
- Документтердин көчүрмөлөрү
- Ушул китепченин көчүрмөсү
- Майда акча-тыйын
Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнүн нөөмөт сумкасына ээ болууга тийиш, ал жакта төмөнкүлөр болууга тийиш:
- Дары-дармектер, жана контакт маалыматтары
- Персоналдык дарыкана буюмдары
- Жеке гигиена буюмдары жана бут кийим
- Суу куюлган бөтөлкө
- Ышкырык
- Идентификациялык карточка
- Контакт телефондордун тизмеги
- Сникерс сыяктуу жогорку калориялуу азык-түлүк
- Фонарик
- Балдарыңыз менен, жер титирөө учурунда эмне болуп кетиши мүмкүндүгү тууралуу талкуу жасаңыз. Аларды эвакуациялоо планын түзүүгө, нөөмөт сумкасын даярдоо процессине (сумкага кайсы оюнчукту же китепти сала турганын сураңыз) кошуңуз жана алар менен “Жатуу, жабынуу, ошол жакта калуу” көнүгүүсүн аткарыңыз. Балдарды нөөмөтчү сактап калуу кызматтарына чалууга жана жардам суроого үйрөтүңүз.
Жер титирөөдөн кийин балдар стрессти же оңтойсузданууну сезиши мүмкүн. Эгерде мүмкүн болсо аларды калыбына келтирүү иштерине катыштырыңыз.
4-кадам. Сиздин турак-жайыңыздын потенциалдуу сейсмотуруктуулугун аныктаңыз жана аны бекемдей баштаңыз.
Сиздин үй, батир жетишгтүү деңгээлде сейсмотуруктуу болуп саналабы?
- Алгачкы эрежелер кабыл алынган жана сейсмотуруктуу курулуш башталган 1956-жылга чейинки имараттар жетиштүү деңгээлде сейсмотуруктуу болуп саналышпайт
- Чийки кыштан тургузулган же топурактан дубалдары толтурулуп коюлган үйлөр сейсмотуруктуу болуп саналбайт.
- Көп кабаттуу, сейсмокуру жана бетон тарткычтары жок кыш тамдар (2 же андан көп кабат) сейсмотуруктуу болуп саналбайт
- Эгерде сиз кыштан тургузулган көп кабатуу үйдө жашасаңыз (2-4 кабаттуулар) жана биринчи кабатында кайра куруулар жасалган болсо (дүкөн, чач тарач, дарыкана ж.б. эки жана андан ашык батирлерден кайра жасалган) – сиздин там сейсмотуруктуу болуп саналбайт.
- Эгерде сиз көп кабаттуу панель үйлөрдө жашасаңыз жана, анын биринчи кабаттарында олуттуу кайра жасап чыгуулар жүргүзүлүп, жер төлөөлөрүндө суу агып чыгууга алып келе турган жана пайдубалын суулап сала турган сауналар, душ кабиналары ж.б. курулган болсо – анда сиздин там сейсмотуруктуу болуп саналбайт
- Эгерде сиз көп кабаттуу панель үйдө жашасаңыз, бирок бул үйдө кайра куруулар жүргүзүлүп, айрым батирлерде негизги дубалдар алынып салынып, негизги колонналарда электр эсептегичтери ж.б.үчүн көзөнөктөр жасалган болсо – сиздин там сейсмотуруктуу болуп саналбайт.
5-кадам. Өзүңүздү жер титиреп жаткан кезде коргоо
Эгерде сиз имараттын ичинде болсоңуз…
- “Жатуу, жабынуу жана ошол жакта калуу” – качан сиз катуу титирөөнү сезген болсоңуз, тезинен бекем столдун алдына кирип, титирөө басылганга чейин аны катуу кармап алыңыз.
- Эшик көзөнөктөрүнүн алдына турбаңыз жана эшикти көздөй чуркап чыкпаңыз.
- Эгерде бекем стол таба албай калсаңыз, анда жерге ички дубалдын жанына жатып, башыңызды жана тамагыңызды колуңуз менен жаап алыңыз.
- Эгерде ашканада турган болсоңуз – жамынып алаардан мурун баарын өчүрүңүз.
- Эгерде төшөктө жаткан болсоңуз, ошол жакта калыңыз, башыңызды жаздык менен жабыңыз
- Эгерде көп кабаттуу үйдө турсаңыз, терезеге жолобоңуз. Лифтке түшпөңүз
- Титирөө аяктагандан кийин, радиону коюп, жер титирөө жөнүндө маалыматты угуңуз.
Эгерде сыртта жүргөн болсоңуз…
- Имараттардан жана электр зымдары өткөн жерлерден алыстаңыз. Кулап жаткан сыныктардан качыңыз
- Чоң-чоң айнек витриналардан жана терезелерден, кыш менен кооздолгон үйлөрдөн, бийик эмеректерден, чоң-чоң сүрөттөрдөн жана күзгүлөрдөн алыстаңыз.
Эгерде машина айдап бара жаткан болсоңуз…
- Көпүрөлөрдө же алардын алдында, тоннолдерде токтобоңуз.
- Электр зымдарынын, шам чырактарынын, бактардын жана жол белгилеринин алдына токтобоңуз
- Акырындап четке чыгыңыз да, машинаны кол тормозуна коюңуз
- Жер титирөө аяктаганга чейин машинадан чыкпаңыз
Тилекке каршы, сиздин батирдеги эшик көңдөйлөрү эң коопсуз жай деген туура эмес пикир да бар. Жок! Эң коопсуз жай – бул ички дубал жакта турган бекем стол.
6-кадам. Жер титирөө аянтагандан кийин, жарадарлар жок экендигин текшериңиз жана талкалануунун даражасына баа бериңиз
Титирөө басылгандан кийин, үй-бүлөңүздө жаракат алгандар жок экендигин текшериңиз жана сиздин үй канчалык деңгээлде талкаланганына баа берип чыгыңыз.
- Өзүңүз жаракат албаптырсызбы,, аны дагы караңыз, башкаларга жардам берерден мурун. Чаңдан көздү, оозду, мурунду сактаңыз.
- Эгерде кимдир-бирөө жаракат алган болсо, жаракатын таңыңыз. Таза бинтти же жоолукту колдонуңуз.
- Эгерде кимдир-бирөө дем албай жатса, ага жасалма дем алдырууну жасаңыз
- Эгерде тамыры сокпой жатса, жасалма дем алдыруу жасаңыз
- Эгерде жаракат алган адам коркунучка туш болбой турган болсо, олуттуу жаракат алган адамдарды жылдырбаңыз.
- Жаракат алган адамды жууркан менен же жылуу кийим жаап коюңуз
Үйүңүздү текшериңиз – ал канчалык деңгээлде коопсуз…
- Өрт – эгер мүмкүн болсо, өзүңүз өчүрүңүз. Өрт кызматына чалыңыз, бирок аларды күтө бербеңиз.
- Газдын чыга башташы – үзүлгөн түтүктөрдү көрүп, газ жаттанып же чыгып жаткан үнү сизге угулган кездерде, газ чыга баштады деп шектенсеңиз, газды өчүрүңүз. Сиздин газ мешиңизге келе турган түтүктү атайын газ ачкычы менен бураңыз. Газды кайра эч качан кошпоо керек – газ кызматынын адамдарын күтүңүз.
- Үзүлүп кеткен электр зымдары – бөлүштүрүү щитиндеги өчүргүчтү басыңыз, эгерде сиз үйүңүздөгү үзүлгөн зымдарды көргөн болсоңуз. Газ чыгып жаткан кезде, светти күйгүзбөө керек!
- Эгерде сиз көчөдө үзүлгөн зымдарды же кулап калган электр мамыларын көрсөңүз – алардан алыс болуңуз, аларда ток жок экенин билсеңиз дагы
- Дааратканадагы эшикти же текчелердин эшиктерин абайлап ачыңыз, ал жактан буюмдар кулашы мүмкүн.
- Айрылган же төгүлүп калган дары-дармекти же мүмкүн болгон башка уу заттарды абайлап чогултуңуз, коопсуз жайга алып барып ыргытыңыз.
- Кыш менен тышы кооздолгон каркас үйлөрдөн алыс болуңуз. Акыркы убактарда дээрлик бардык “элита” көп кабаттуу үйлөрү кыш менен тышталууда. Ал бошоп калышы ыктымал жана афтершоктор болуп жаткан маалда кулап кетиши мүмкүн.
- Өтө абайлап сак болуңуз! Эгерде шектенүү пайда болсо үйдү же батирди дароо таштап кетүү керек.
Эгерде сиздин үй олуттуу талкаланган болсо же анда өрт башталса – токтоосуз түрдө аны таштап чыгып кетүү керек!
Газ же свет өчүп калгандыгы үчүн эле үйүңүздү таштап кете бербеңиз. Эгерде сиздин үй салыштырмалуу алсыз талкаланган болсо – ал сизге баш калкалай турууга дагы эле кызмат кыла алат.
Эгерде сиз эвакуацияланып жатсаңыз – кошуналарыңызга же туугандарыңызга, сизди кайсы районго эвакуациялап жаткандыгы тууралуу билдириңиз.
7-кадам. Сиз коопсуз жерде турган кезде, өз планыңызды карманууну улантыңыз.
Жер титирөөдөн кийинки бир нече күндөн кийин…..
Коопсуз жерде туруп
- Сиздин үй анда улантып жашай берүүүчүн жетиштүү деңгээлде коопсуз экендигине жана ал афтершоктун натыйжасында талкаланып калат деген коркунуч жок экендигине ынаныңыз
- От жагуудан же учкун чыгарууга жөндөмдүү болгон каалагандай электр же механикалык приборлорду саюудан мунун газ чыгып жаткан жокпу текшерип алыңыз
- Химиялык заттар төгүлбөптүрбү, жерде жаткан электр зымдары же үзүлүп калган суу түтүктөрү жокпу текшерип чыгыңыз. Суу – жакшы өткөргүч жана сууга түшкөн электр зымдары ден соолук үчүн коркунучтуу!
- Сынып калган же коңторулуп жаткан жабдууларды жана приборлорду өчүрүңүз. Алар электр тогу калыбына келген кезде өрт чыгарышы мүмкүн.
- Керосин же газ күйгүчтөрдү же жылыткычтарды, газ грилдерин же газ генераторлорун пайдаланбаңыз, анткени алар газдын булагы болушу мүмкүн же афтершоктор маалында өрт чыгарышы мүмкүн.
Маалымат алууга аракеттениңиз…
- Сиздин портативдүү же автомобилдеги кабыл алгычтарды иштетиңиз жана маалыматты компетенттүү органдардан угуңуз.
- Сиздин шаардан тышкары турган контакт адамыңызга чалыңыз жана эмне болгону тууралуу айтып, телефонду тез бошотуп коюңуз.
- Ушак-айыңга ишенбеңиз! Аларды атайылап чуу салыш үчүн таркатуулары дагы мүмкүн!
Реконструкциялоо үчүн аракеттерди көрүңүз…
- Эгерде сиз үйдө калсаңыз же ага бир нече күндөн кийин кайтып келсеңиз, мурунку жашоого кайтууга аракеттерди көрө баштаңыз
- Суунун жана азык-түлүктүн запастарын текшериңиз. Эгерде электр жок болсо, анда биринчи кезекте тоңдурулган продуктыларды пайдаланыңыз. Бузулган продуктыларды пайдаланбаңыз!
- Эгерде суу жок болсо, суу буу мештериндеги сууну, муздаткычтагы эриген музду же консервацияланган жашылчалардын суусун пайдаланыңыз. Сууда сүзүүчү бассейндерден жана токтоп турган суу көлчүктөрдөн сууну ичпөө керек.
- Эгерде свет бере турган болушса, анда приборлорду текшериңиз, алар бузук болбошу керек.
Жер титирөө жөнүндө жети миф жана бирөө–баары тууралуу
1-миф. Жер титирөө маалында жер жарылат, жарыктар ачылып кетип, аларга кишилер жана бүтүндөй үйлөр кирип кетет, андан кийин жарыктар жабылып калат!
Бактыга жараша, бул жазуучулардын гана фантазиясы. Жер бетинде болгон бир дагы жер титирөөдө мындай факты байкалган эмес жана аны сүрөттөшкөн эмес. Демек, мурун болбосо, эми келечекте дагы болбойт! Эч жерде болбогон болсо, бул жакта дагы болбойт!
2-миф.. Жер титиреген кезде башкы коркунуч – урап жаткан имараттар…
Чындыгында жаракат келтирүүнү эң көп саны, ошондой эле өтө көп адам жоготуулары кулап түшкөн буюмдардан болгон, алсак, люстралар, бийик шкафтар жана күзгүлөр, дүкөндөрдүн көргөзмөлөрү жана бийик имараттардын терезелеринен куюлган айнектер.
3-миф.. Үйдөгү эң коопсуз жай – эшик көңдөйлөрү…
Бул миф мурун бардык тамдар кыштан тургузулуп же топурактан согулган кездеги жыгач эшиктери менен болгондуктан, алар үйдө бүтүн кала турган жападан-жалгыз элемент болгондуктан келип чыккан. Эми болсо, шаарларда көпчүлүк калк көп кабаттуу панель жана каркас үйлөрдө жашап жаткандыктан, эшик көңдөйлөрү коопсуз жай болуп эсептелбейт. Эң коопсуз жайлар – ички дубалга жакын турган бекем столдун алды.
4-миф. Жер титирөө жөнүндө кооптонуунун кереги жок – ал тууралуу Өкмөт тынчсызданат.
Чындыгында, эгерде жер титирөө кайсы бир райондогу бир нече ондогон же миңдеген үйлөрдү талкаласа, анда Өкмөт элге жардам берүү үчүн каражат таба алат. Бирок, эгерде катуу жер титирөө жүрсө, ал бир нече ондогон миң же жүздөгөн миң үйлөрдү талкаланууга жана миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келсе – анда эч кандай Өкмөттө жардам көрсөтүү үчүн күч дагы, каражат дагы калбай калат. Андан тышкары, катастрофиялык талкалануулар “тез жардам” станциясына, өкмөттүк үйлөргө, акимиаттарга, телефон станцияларына, плотиналарга, көпүрөлөргө, электр берүү зымдарына, Өкмөткөөлкөнү башкарып жана тартипте кармап турууга жардам бере турган нерселердин бардыгына зыян алып келиши дагы мүмкүн. Эгерде мунун баары болбой турган болсо, анда башында өзүңө жана өз кошуналарыңа гана ишенүүгө болот.
5-миф. Жер титиреген кезде Бишкек жер алдына кирип кетет, анткени анын алдында көл бар…
Жер алдындагы көлдөр жаратылышта бар. Бирок ал үчүн өзгөчө геологиялык курулуш – чоң-чоң көңдөйлөрдү жаратууга шарт түзө турган тектердин болушу талап кылынат. Бишкектин алдында мындай тектер жок! Бишкектин алдында чоң-чоң таш-шагыл түзүлүштөрдүн жана чопо тектеринин 3-4 километрге чейикн кеткен ири калыңдыгы жатат. Бул тектер көңдөйлөрдү жаратууга жөндөмсүз!
6-миф. Ысык-Көл көлүндө жер титиреген учурда көл жээгинде жайгашкан калктуу пункттарды, жада калса Бишкекти дагы басып кала турган цунами пайда болушу мүмкүн….
Ысык-Көл көлүнүн түбүнүн курулушу абдан эле өзгөчөлүү жана чоң терең тик дубалдары бар чөйчөктү элестетет. Мындай шарттарда цунами пайда болушу мүмкүн эмес. Андан тышкары, Ысык-Көлдүн алдында эч качан жер титирөө очоктору катталган эмес, ал жакта алсыз дагы очок жок.
7-миф. Өзүнүн кандайдыр бир мүмкүнчүлүктөрүнөн улам жер титирөөнү сезе алышкан, жана ошого ылайык, аларды алдын ала айта алыша турган адамдар бар…
Балким, жер кабыгындагы, атмосферадагы ж.б. чыңалуулардын өзгөрүшүн сезүүгө жөндөмү бар организмдин кандайдыр бир өзгөчө сапаттары болгон адамдар болушу ыктымал. Бирок, катуу жер титирөөнүн даярдоо жана чыңалууларды топтоо тармагы миллиондогон квадрат километр аймакты камтыйт, ал эми жер титирөө белгилүү гана бир жерде болот. Топтолуп жаткан чыңалуулар милдеттүү түрдө катуу жер титирөөнүн натыйжасында иш жүзүнө ашырылышы керек эмес. Азыркы күндө жер титирөөнүн так убактысын алдын ала айтуу эч мүмкүн эмес. Алдын ала айтуучуларга жана төлгөчүлөргө ишенбегиле!
8-миф. (Жер титирөөлөргө гана тийиштүү эмес). Эгерде байке жер титирөө болбойт деп айтса, демек – ал болбойт…
Азыркы күндө абсолюттук түрдө сейсмология, б.а. жер титирөөлөрдү изилдөөчү илим тармагында компетенттүү эмес, бирок божомолдоолорду берүүгө жана өздөрүн окумуштуу жана билимпоз көрсөтүүгө аракет кылган адамдар көп. Наамдарга жана регалияларга оронуп алгандарга ишенбегиле – адистерге гана ишенгиле!
Булагы: http://72hours.org/earthquake.html